ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунун окуучулары илим, техника жана өндүрүш жумалыгына катышат

Биринчи май районунун №29 мектеп-гимназиясынын базасында окуучулар арасында илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын ачылышы өткөрүлдү.

Иш-чарада №29 мектеп-гимназиясынын, №41, 83 мектебинин, №24 мектеп-гимназиясынын жана №70 ОТК МГ долбоорлору көрсөтүлдү.

Майрамдык иш-чаранын ачылышы Биринчи май районунун Балдар чыгармачылык борборунун музыкалык номерлери менен коштолду.

Жумалык Билим берүү башкармалыгынын жана Биринчи май районунун Билим берүү борборунун «Тарых жана маданият жылына арналган окуучулардын республикалык илим, техника жана өндүрүш жумалыгын өткөрүү» буйругунун негизинде өткөрүлөт.