ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы «Талисман» ресторанынын жетекчилигин калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартты

Бишкек шаарынын мэриясыын Санитардык-экологиялык инспекциясы Октябрь районунун санитардык абалын текшерди. Текшерүүнүн жүрүшүндө Сухэ Батор көчөсү  5/6 дарегинде жайгашкан «Талисман» ресторанынын кызматкерлери калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы аныкталды.

Аталган ресторандын кызматкерлери тамак-аш калдыктарын Сухе Батор көчөсүнүн жээгине таштаган.


СЭИ инспекторлору тарабынан «Талисман» ресторанынын жетекчисинин атына КР «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.