Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаменти «Систем» түрк медициналык-диагностикалык борборунун өкүлдөрү менен жолукту
- Подробности
- Опубликовано 04.02.2016 10:01
Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинде департаменттин жетекчилиги менен «Систем» медициналык-диагностикалык борборунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөрүлдү.
Жолугушууда мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында кызматташуунун шарттары, ошондой эле Бишкек шаарында заманбап борборлоштурулган лабораторияны ачуу керектигин талкуулашты.
«Систем» медициналык-диагностикалык борборунун директору түрк инвесторлору шаарга мындай лабораторияны ачууга даяр экендигин белгиледи. «Систем» медициналык-диагностикалык борбору Бишкек шаарынын калкынын социалдык аярлуу катмарына жеңилдиктерди берүү менен ооруларды аныктоо боюнча кызматташууну пландоодо. Көрсөтүлгөн медициналык кызматтар Саламаттыкты сактоо департаменти тарабынан бекитилген тизмеге ылайык 50-100%га чейин жеңилдиктер менен жүргүзүлөт.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
31.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |