ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ санитардык нормаларды бузгандарды аныктоодо

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы Октябрь районунун санитардык абалын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Юнусалиев көчөсү, 170 дарегинде жайгашкан «БЕК» дыйкан чарбасынын айланасында курулуш калдыктары жана ар түрдүү таштандылар өрттөлгөн, ошондой эле 2016-жылга таштанды чыгаруу үчүн  келишим түзүлгөн эмес.


Жыйынтыныда Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан «БЕК» дыйкан  чарбасынын директору Бердибаев Р.дин атынан КР «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.