ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жарнама берүүчүлөрдү мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамын бузбоого чакырат

Бишкек шаарынын мэриясы бардык жарнама берүүчүлөрдү, жарнама даярдоочуларды жана жарнама таркатуучуларды көрнөк-жарнактарды даярдоодо жана жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» жана «Жарнак жөнүндө» мыйзамдарына ылайык келтирүүгө чакырат жана талап кылат.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаарынын аймагындагы жарнамалардын, көрнөктөрдүн, жарыялардын жана башка көрсөтмө маалыматтардын тексттерин мамлекеттик тилге которууда акысыз көмөк көрсөтө тургандыгын билдирет.


Каалоочулар  Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 17, 7-8-иш бөлмө дарегине кайрылышса болот.