ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мэрияда пландык жыйын өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында 2-февралда биринчи вице-мэр Замирбек Малабековдун жетекчилиги астында вице-мэрлер, райондук администрациялардын башчылары жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчыларынын катышуусунда пландык жыйын өткөрүлдү.

Жыйында жүргүнчү ташуучу унаалардын санитардык абалы, айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуулары, ошондой эле Бишкек шаарында КР «Сырткы видеобайкоо жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу талкууланды.


Жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу боюнча талкуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы жана жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын мурунку келишими 7 жыл мурун түзүлгөндүгү белгиленди. Келишимде фирмалардын жоопкерчилигинде санитардык абал, жол кыймылынын эрежелерин бузуу, ошондой эле айдоочулардын жүрүм-туруму белгиленген эмес. Азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясында  жаңы жобо иштелип жатат. Анда жүргүнчү ташуучу фирмаларга жүргүнчүнүн коопсуздугун камсыздоо жоопкерчилиги толугу менен жүктөлөт.

Жыйындын соңунда ШТБ Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен биргеликте коомдук транспортто санитардык абалды текшерүүнү күчөтүү, ал эми мэриянын Транспорт бөлүмүнө Бишкек шаарынын ИИББ ЖКК адистерин ишке тартуу менен Жобону иштеп чыгууну күчөтүү тапшырылды.

КР «Сырткы видеобайкоо жөнүндө» мыйзамын ишке ашырууну талкулоо учурунда райондук адмнистрациялар видеобайкоо камераларын алгач билим берүү жана саламаттыкты сактоо уюмдарында орноткондору айтылды. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчыларына КР ИИМ иштеп чыккан техникалык мүнөздөмөлөргө ылайык видеобайкоо камераларын орнотуу тапшырылды. Райондун акимдерине соода борборлорунун башчыларына, коомдук тамактануу жайларына жана көп эл чогулган жерлерге видео камераларды орнотууну тапшыруу  тапшырмасы берилди.