ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда базарлар иретке келтирилүүдө

Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов «Орто-Сай» базарында жайгашкан «Кулун-Ата» чарба субъектисинин өкүлдөрү жана сатуучулары менен жыйналыш өткөрдү.

Көчмө жыйын калаа башчысынын «Долбоордун архитектуралык-техникалык корутундусундагы талаптар менен базарларды жана кичи базарларды иретке келтирүү» протоколдук тапшырмасын аткарууда администрациянын соода-экономикалык бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө максатында жүргүзүлдү.


Бүгүнкү күндө кайрадан курулган «Безымянная» көчөсүнүн жээгинде «Кулун-Ата» администрациясы тарабынан тротуарда башаламан соода жүргүзүлүп, өтүүгө тоскоолдуктар жаралган.


Болот Алымкулов администрация соода жүргүзүүгө каршы эместигин, бирок белгиленген техникалык нормалардын алкагында жүргүзүү керектигин белгиледи.


Сатуучулар өздөрүнүн күнөөлөрүн моюнга алып, мэриянын талаптарына макул болушту.


Кезегинде район башчысы Болот Алымкулов мындай иштер «Орто-Сай» базарынын бардык  чарба субъектилеринде жүргүзүлөрүн билдирди. Райондун аймагындагы тиешелүү уруксат документтери жок бардык соода түйүндөрү алынат.