ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Космопарк» оюн-зоок борбору калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Октябрь районунун санитардык абалык текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Юнусалиев 40 дарегинде  жайгашкан «Космопарк» соода оюн-зоок комплексинин КТК чогултуу үчүн контейнердик аянтчасы антисанитардык абалга жетип, таштанды челеги таштандыга толгондугу жана айланасы, ошондой эле ирригациялык тармактарга да таштандылар ташталгандыгы аныкталды.

Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан «Космопарк» ЖЧКсынын башкы директору Кайыпов А.М.дин атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.