ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын 2015-жылда аткарган иштеринин жыйынтыктары боюнча жыйын өткөрүлдү

29-январда Свердлов райондук администрациясынын социалдык бөлүмү жыйындар залында социалдык суроолор боюнча 2015-жылда аткарылган иштердин жыйынтыктары боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга райондук Билим берүү борборунун, райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, РИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы жана мала башчылары катышты.

Отурумда жогоруда аталган райондук кызматтардын, МАБдын жана мала башчылардын ортосундагы иштөө механизмин сапатын жогорулатуу боюнча талкуу жүрдү жана сын-пикрлер айтылып, Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлернин райондун аймагындагы социалдык жардамга муктаж болгон калктын катмары менен тыгыз байланышта иш жүргүзүүсүн жакшыртуу максатында, аларды кичи аймактарга бөлүү тапшырмасы берилди.