ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда ипотекалык насыя программасынын жардамы менен турак сатып алуу талкууланды

Биринчи май районунун башчысы Аскербек Алиев «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК аркылуу ипотекалык насыя маселесин талкулоо боюнча жыйын өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө район башчысы ипотекалык насыялардын талаптарын жана шарттары тууралуу маалымат алды. Ошондой эле Билим берүү борборунун директоруна, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысына жана №3,7,16 ҮДБ башкы дарыгерлерине  жамаат арасында ипотекалык насыя тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, маалымат берүү тапшырылды.


Аталган жыйынга Райондук билим берүү борборунун директору, райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, №3,7,16 ҮДБ башкы дарыгерлери, Билим берүү башкармалыгынын профоюзунун төрагалары жана ипотекалык турак алууга кезекте турган талапкерлер катышты.