ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ санитардык нормаларды сактабаган медициналык мекемеге айып пул салды

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлериин кезектеги текшерүүсүндө Шаардык перинаталдык борборуунун кызматкерлери (№4 төрөт үйү, Сүйөркулов көчөсү 1/1) медициналык калдыктарды КТК чогултуу үчүн челектерге таштагандыгы жана таштанды контейнеринин айланасы антисанитардык абалга жеткендиги аныкталды.

Жыйынтыгында Шаардык перинаталдык борборунун башкы дарыгери Алмазбекова Б.А.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.


Октябрь районунун административдик комиссиясынын кезектеги жыйынында 10 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.