ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов акы алып унаа токтотуучу жай уюштургандарга айып пул салууну тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов 26-январда пландык жыйындын жүрүшүндө ШИИБ «эртеңден баштап» акы алып унаа токтотуучу жай уюштурган базарлардын, дүкөндөрдүн жана оюн-зоок мекемелердин ээлерине айып пул салып баштоону тапшырды.

Калаа башчысы 29-январь күнү Тоголок Молдо жана Шопоков көчөлөрүндө жайгаша турган акча төлөнүүчү унаа жайларын уюштурууга сынак өтөрүн белгиледи.


«Бишкек шаарынын башка көчөлөрүнө автоунаа токтотуу акысыз болуп саналат», -деди мэр Кубанычбек Кулматов.


Ошондой эле пландык жыйындын жүрүшүндө мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен башаламан соода, Аламедин жана Ала-Арча сууларын тазалоо, унаа токтотуучу жайлар, селсаяк жана кайыр сураган кишилердин маселесин чечүү талкууланды.