ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Ленинград блокадасынан бошотулганын эскерүү митинги өткөрүлдү

Д.Асанов атындагы сейил багында Ленинграддын фашисттик блокададан бошотулганынын 72 жылдыгын эскерүү митинги өттү.

Иш-чараны Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов ачты.


Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов катышуучуларды майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, тынчтык жана бакубат жашоо каалады.


«Бүгүн биз Ленинграддын фашисттик блокададан бошотулганынын 72 жылдыгын белгилеп жатабыз. Баарыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктайм!  Мекени үчүн күрөшкөн аскерлерге даңк! Баарыңардын үйүңөрдө ар дайым тынчтык жана аманчылык болсун»,-деди калаа башчысы.


Курман болгондорду эскерүүгө Ленинград блокадасынын катышуучулар коомчулугунун өкүлү Анна Кутанова курман болгон жоокерлерге  арналган ырын окуду.


Андан кийин блокаданын созулган күнүнө барабар болгон 900 шам жагылып, каалоочулар эстеликке гүл коюшту.


Эскерүү митинге Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Бусурманкул Табалдиев, КР РФ Атайын жана ыйгарым укуктуу элчисис Андрей Крутько, «Газпром» компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле Ленинград блокадасынын жана Улуу ата мекендик согуштун ардагерлери катышты.