ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык муниципалдык мектептердин жана балдар бакчаларынын расмий тилдүү жетекчилери кыргыз тили боюнча окуу курстарда окуп жатышат

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, шаардык муниципалдык мектептердин жана балдар бакчаларынын расмий тилдүү жетекчилери үчүн кыргыз тили боюнча (А1, А2 деңгээлиндеги топторго) окуу курстарды өткөрүп жатат.

Сабактар тил үйрөтүүнүн дүйнөлүк шкаласынын А1, А2, В1, В2, С1 деңгээлдери боюнча “Кыргызтест” түзүмү иштеп чыккан талаптарга ылайык
өткөрүлүүдө.


          Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э. Ниязбекованын  билдирүүсү боюнча, бүгүнкү күндө 15 катышуучу  А1 деңгээли боюнча сынактарды ийгиликтүү тапшырып, тастыктамаларга ээ болушту жана  А2 деңгээли боюнча окууну улантып жатышат. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын орун басары Н.В.Никифорова, башкармалыктын орус тили жана адабияты боюнча усулчусу А.И. Алимбекова, мектептердин жана балдар бакчаларынын жетекчилери О.В.Солощенко, А.Н. Ким, И.А.Пак, О.В. Корниенко, Л.М. Ем, И.А. Борисова, Л.А. Доценко, Ф.Б. Халилова, М.Х. Ситникова, Л.А. Калюжная, Л.В. Краснощекова ж.б. сыяктуу окуу курстарына жигердүү катышкандарды белгилеп, окутуучу П.С.Осмоновага жакшы жетишкендиктер үчүн ыраазычылык  билдирди.   


 Окуу курстар Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы №119 “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө”  Жарлыгын,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы №430-б буйругу менен бекитилген, Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чындоо Концепциясын ишке ашыруу максатында  уюштурулду.