ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада мэриянын колдоосунда «Тилек багы – балдардын кыялын орундат» кайрымдуулук акциясы жыйынтыкталды

№71 мектеп-интернатында мектептин окуучуларына даректүү белектерди жана таттууларды берүү менен «Тилек багы – балдардын кыялын орундат» кайрымдуулук акциясы жыйынтыкталды.

Аталган долбоор Кыргызстандагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана жетим балдарга жардам берүүгө багытталып, акциянын  жыйынтыгында №71 мектеп-гимназиянын 160 тарбиялануучусунун кыялдары орундалды.


Акциянын максаты ар бир жаранды кайрымдуулук иштерине тартуу болуп саналат.


Кайрымдуулук акцияны Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда «Бишкек мен сени сүйөм» кыймылы, «Jetigen» балдар лагери уюштуруп,  2015-жылдын 14-декабрынан 31-декабрына чейин «Бишкек Парк» соода борборунда өткөрүлдү.