ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада Биринчи май райондук администрациясынын коллегиясы өткөрүлдү

Калаада 22-январда Биринчи май райондук администрациясынын жыйын залында вице-мэр Айгүл Рыскулованын катышуусунда коллегия өткөрүлдү.

Коллегиянын жүрүшүндө 2015-жылы аткарылган иштердин жыйынтыктары угузулду. 2015-жылы 10 жаңы ишкананын иштери башталды, жеңилдетилген типтеги 90 объект алынды. Шаардыктарды айыл-чарба азыктары менен камсыз кылуу максатында райондук администрация 130 дан 280 ге чейинки Чүй облусунун айыл-чарба азыктарын өндүрүүчүлөрүнүн катышуусунда 20 дан ашык жарманке өткөрдү. Район боюнча 1674 адам жумушка орноштурулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине 454 адам тартылды.


2015-жылы 16 ишембилик өткөрүлүп, 160 уюмдан 19090 адам катышты. 4244 бак, 60 жандуу каша, 80 бадал отургузулду.


Жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Канатбек Музуралиев, Рысбай Аматов, ошондой эле мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.