Калаанын мектептеринин окуучулары кытай маданияты менен таанышышты
- Подробности
- Опубликовано 22.01.2016 16:57
Биринчи май районунун №78 мектеп-гимназиясынын окуучулары үчүн «Кытай тууралуу кɵбүрɵк бил!» аталышта кытай прикладдык искусствосу боюнча мастер-класс уюштурулду.
Мастер-класска мектепте кытай тилин окуган 3-4-класстын окуучулары катышты.
Мастер-класстын уюштуруучулары «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду жана БГУга караштуу Конфуция институту.
Аталган иш-чарада балдар жука кагазга оюларды түшүргɵндү, кескенди үйрɵнүшүп, кытай каллиграфия искусствосун ɵздɵштүрүштү.
Ошондой эле кытай живописи, тарыхы менен таанышышып, ар бир бала ɵздɵрүнɵ маска жасашты.
Өткɵрүлгɵн иш-чара балдардын кругозорун кеңейтүүдɵ жана кытай маданиятын, тарыхын үйрөнүүдө пайдалуу болду.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
06.12.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |