Калаада лыжа тебүү спорту боюнча мелдеш ɵткɵрүлɵт
- Подробности
- Опубликовано 21.01.2016 16:41
2016-жылдын 30-январында Таш-Дɵбɵ айылында (Воронцовка) лыжа тебүү спорту боюнча шаардык мелдештин ачылышы ɵткɵрүлɵт.
Иш-чаранын башкы максаты жаңы катышуучуларды тартуу, сергек жашоого үндɵɵ, ошондой эле кышкы спорттун түрлɵрүн жайылтуу болуп саналат.
Мелдеш жаш курактарына жараша тɵмɵнкү топто: 12 жашка чейинки балдар-кыздар (2004-ж.т.), 14-15 жаштагы өспүрүмдөр (2002-2003-ж.т.), жана 1997-жылы туулган уландар арасында ɵтɵт.
Иш-чараны Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети Кыргыз Республикасынын аталган спорт түрү боюнча федерация менен биргеликте уюштурууда.
Жеңүүчүлɵр диплом, медаль жана спорт комитетинин белектери менен сыйланышат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
30.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |