№31 мектепте «Сыйкырдуу ɵлкɵ» мектеп алдындагы лагерь иштɵɵдɵ
№31 мектеп-гимназиясында 1-4-класстын окуучуларынын катышуусунда «Сыйкырдуу ɵлкɵ» мектеп алдындагы кышкы лагерь иштɵɵдɵ.
Лагердин урааны: «Күндүн канча жылуу нуру болсо, биздин да ошончо досубуз бар».
Аталган лагерь балдардын ден соолугун чыңдоо жана эс алууларын кызыктуу ɵткɵрүү максатында ɵткɵрүлүүдɵ.
Кышкы лагерь 4 отряддан турат: 1-отряд 1-класстар- «Эргежээлдер», 2-класстар-«Кар киши», 3-класстар – «Комета» жана 4-класстар –«Кар кыйкымы».
Катышуучулар лагерде 08:30дан 16:00 го чейин «Эң мыкты кар киши», «Лагердин мыкты дубал гезити», «Алло, биз таланттарды издеп жатабыз», сүрɵт конкурстарына катыша алат. Отряддар арасында «Эмне? Кайда? Качан?» билим берүүчү суроо-жооп оюну уюштурулат.
Мындан тышкары, лагердин программасында музейлерге, кинотеатрларга баруу пландалган. Ошондой эле балдар жаңы китептер менен таанышуу үчүн окуу залдарына барышат. Күн сайын таза абада ойноп, бийлеп, ырдашат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
18.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |