ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

№31 мектепте «Сыйкырдуу ɵлкɵ» мектеп алдындагы лагерь иштɵɵдɵ

№31 мектеп-гимназиясында 1-4-класстын окуучуларынын катышуусунда «Сыйкырдуу ɵлкɵ» мектеп алдындагы кышкы лагерь иштɵɵдɵ.

Лагердин урааны: «Күндүн канча жылуу нуру болсо, биздин да ошончо досубуз бар».


Аталган лагерь балдардын ден соолугун чыңдоо жана эс алууларын кызыктуу ɵткɵрүү максатында ɵткɵрүлүүдɵ.


Кышкы лагерь  4 отряддан турат: 1-отряд 1-класстар- «Эргежээлдер», 2-класстар-«Кар киши», 3-класстар – «Комета» жана 4-класстар –«Кар кыйкымы».


Катышуучулар лагерде 08:30дан 16:00 го чейин «Эң мыкты кар киши», «Лагердин мыкты дубал гезити», «Алло, биз таланттарды издеп жатабыз», сүрɵт конкурстарына катыша алат. Отряддар арасында «Эмне? Кайда? Качан?»  билим берүүчү суроо-жооп оюну уюштурулат.


Мындан тышкары, лагердин программасында музейлерге, кинотеатрларга баруу пландалган. Ошондой эле балдар жаңы китептер менен таанышуу үчүн окуу залдарына барышат. Күн сайын таза абада ойноп, бийлеп, ырдашат.