ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте белгилүү режиссер Тɵлɵмүш Океевдин жаркын элесине арналган кɵргɵзмɵ ɵткɵрүлɵт

Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 22-январда саат 10:00 до ТоктогулаСатылганов атындагы адабият музейинде  кыргыз кинорежиссеру, сценарист, СССРдин Эл артисти Тɵлɵмүш Океевдин жаркын элесине арналган ачык кɵргɵзмɵ ɵткɵрүлɵт.

Кɵргɵзмɵ Токтогул кɵчɵсү №109 дарегинде ɵтɵт.

Иш-чараны «Бишкек шаарынын мэриясынын Музейлеринин бириккен дирекциясы» уюштурууда.

Аталган иш-чарага КР маданият жана искусства ишмерлери, коомдук ишмерлер, улуу режиссердун балдары, жакындары жана санаалаштары чакырылды.

Иш-чара «Тарых жана маданият» жылынын алкагында ɵткɵрүлɵт.

Маалымат:  Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Төрт-Күл айылында туулган. Ленинграддагы кино жана көркөм өнөр институтунун электр техникасы факультетинде үн оператор бөлүмүн аяктаган. Оболу Кыргызфильм студиясында үн оператор болуп иштеп, 1966-жылы жогорку режиссерлук курсту аяктаган.


1985-жылы СССРдин эл артисти наамын алган. Легендарлуу парламенттин депутаты болуп, кийин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси, ТҮРКСОЙдогу кыргыз өкүлү болуп иштеген.


Кыргыз кереметин түптөөчүлөрдүн бири Төлөмүш Океев "Махабат дастаны", "Кожожаш", "Алтын күз", "Улан", "Кызыл алма", "Көк серек", "Уркуя", "Бакайдын жайыты", "Сүйүү закымдары" сыяктуу классикалык үлгүдөгү эмгектерди жаратып кетти.


2001-жылы 18-декабрда Анкара шаарында оорудан каза болгон.