«Кɵк-Жар» конушундагы жер тилке мэрияга кайтарылды
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаментинин текшерүүсүндɵ «Кɵк-Жар» конушу, Арстанбап кɵчɵсү №191, №267 жер тилкесинде басып алуу жана жеке турак үйүн куруу фактысы аныкталды.
Курулушту тиешелүү уруксат документтерисиз Момуналиева А.С. жүргүзүп жаткан.
Жеке турак-жай курулуш департаменти Бишкек райондор аралык сотуна мамлекеттик актысын жараксыз деп табуу боюнча кайрылган. Сот толугу менен департаменттин талаптарын канааттандырып, жер тилкесине берилген мамактыны жараксыз деп эсептеди.
2015-жылдын 30-декабрда Департаменттин азыры боюнча Бишкек шаарынын мамкаттоо кызматы №267 жер тилкесине менчик укугун токтотту. Учурда аталган жер муниципалдык болуп саналат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
04.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |