ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Кɵк-Жар» конушундагы жер тилке мэрияга кайтарылды

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаментинин текшерүүсүндɵ «Кɵк-Жар» конушу, Арстанбап кɵчɵсү №191, №267 жер тилкесинде басып алуу жана жеке турак үйүн куруу фактысы аныкталды.

Курулушту  тиешелүү уруксат документтерисиз Момуналиева А.С. жүргүзүп жаткан.

Жеке турак-жай курулуш департаменти Бишкек райондор аралык сотуна мамлекеттик актысын жараксыз деп табуу боюнча кайрылган. Сот толугу менен департаменттин талаптарын канааттандырып, жер тилкесине берилген мамактыны жараксыз деп эсептеди.

2015-жылдын 30-декабрда Департаменттин азыры боюнча  Бишкек шаарынын мамкаттоо кызматы №267 жер тилкесине менчик укугун токтотту. Учурда аталган жер муниципалдык болуп саналат.