ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа башчысы пландык жыйын ɵткɵрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында 19-январда калаа башчысы Кубанычбек Кулматовдун жетекчилиги астында вице-мэрлер, райондук администрациялардын башчыларынын жана түзүмдүк бɵлүмдɵрдүн жетекчилердин катышуусунда пландык жыйын ɵткɵрүлдү.

Жыйында калаанын конуштарын газдаштыруу маселеси, кыш мезгилинде коммуналдык кызматтардын иштери, ошондой эле Шаардын кɵрктɵндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктоо боюнча Санитардык-экологиялык инспекциясынын иштери талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында «Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды чыгарууда таштанды челектеринин айланасын дагы тазалоо, ал эми Санитардык-экологиялык инспекциясына түркүктɵргɵ жарыяларды чаптагандарга  чара кɵрүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын конуштарындагы социалдык-маданий маанидеги курулуш объектилерин бүтүрүү маселеси каралды. Калаа башчысы бүтɵ элек объектилерди толугу менен инвентаризациялоо, ар бир конушта социалдык-маданий маанидеги объектилерди долбоорлоо жана куруп баштоо тапшырмасын бериди.

Аталган жыйындан соңунда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов 2016-жылдын аягына чейин шаардык музыкалык мектептерди иретке келтирүү, оңдоо, жаңы куруу, начар абалдагы мектептерди жаңы имаратка кɵчүрүү тапшырды. Кубанычбек Кулматов мектептен тышкаркы уюмдарга ɵзгɵчɵ кɵңүл бурууну талап кылды.