ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мэрияда ипотекалык насыя программасы боюнча курулуш компаниялары менен жолугушуу өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун, «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК башчысы Жеенбаева Бактыгүлдүн,  «Жеткиликтүү турак» мамлекеттик программасынын жана курулуш компанияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ипотекалык насыяларды берүү боюнча жыйын өткөрүлдү.

Мамлекеттик программанын өкүлдөрү  Бишкек шаарынын мэриясы курулуш компаниялар менен тыгыз кызматташууну сунуштады. Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов курулуш компаниялары тарабынан курулуган үйлөр тууралуу берилген маалыматтын негизинде бирдиктүү база түзүү керектигин белгиледи.

Ипотекалык насыянын шарттары: бюджеттик уюмдарда иштеген социалдык тармактагы кызматкерлерге, аскер кызматчыларына, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге насыяларды берүү. Турак алуучулардын арасында тандоо жүргүзүлүп, чындыгында муктаж болгон жарандар алышат.кредиттин валютасы сом менен 15 жылга берилет (12-15 % коюм).

Жолугушуунун жыйынтыгында курулуш компаниялар  жана мамлекеттик ипотекалык компаниянын биргелешкен иштеринин механизмин иштеп чыгуу чечилди.