ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда пландык жыйын өткөрүлдү

Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы Аскербек Алиевдин,  түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн, райондун МАБдарынын башчыларынын жана администрация аппаратынын кызматкерлеринин катышуусунда пландык жыйын өткөрүлдү.

Жыйында салыктарды чогултуу боюнча аткарылган иштердин жыйынтыктары, райондун аймагын газдаштыруу маселеси, электр энергиясын үнөмдөө, санитардык тазалык жана көрктөндүрүү жана башка маселелер боюнча маалыматтар угузулду.

Пландык жыйындын жыйынтыгында МАБдардын башчыларына райондун кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары менен биргеликте электр жана жылуулук энергиясын керектөөнү үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коммуналдык кызматтар менен биргеликте жолдорду, тротуарларды кардан, муздан тазалоо иштерин тездетүү тапшырылды.

Мабдардын башчыларына администрация жана Муниципалдык менчик башкармалыгы менен биргеликте тиешелүү уруксат документтери жок жеӊилдетилген типтеги объектилерди алууну активдештирүү тапшырмасы берилди.

Район башчысы кызматтардын жана МАБдардын жетекчилерине 2016-жылы Кыргыз Республикасында өтө турган КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеӊеши, КМШ мамлекет башчыларынын кеӊеши жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеӊеши жыйындарына жана КР Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына даярдануу максатында имараттардын маӊдайларын оӊдоо, көчөлөрдү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу маселесин койду.

Мындан тышкары, район башчысы «Жеткиликтүү турак» программасынын алкагында бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин жашоо шартын жакшыртууга багытталган «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК иштери тууралуу маалымат берди.