ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жана КР Япония элчилиги жаӊы тез жардам унааларынын ачкычтарын тапшырышты

Бишкек шаардык медициналык тез жардам станциясы японияда өндүрүлгөн Ниссан үлгүсүндөгү адистештирилген 9 унаа менен толукталды.

18-январда Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын алдында унаалардын ачкычтарын салтанаттуу тапшыруу аземи өткөрүлдү. Жаӊы унаалардын ачкычтарын Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана КР Япониянын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэ тапшырды.

 «Медициналык тез жардам станциясынын кызматкерлерин бүгүнкү майрам  менен куттуктайм. 9 тез жардам унаасын алуу –бул эки жылдан берки талыкпаган эмгектин натыйжасы. Бүгүнкү күндө биз өзгөчө көӊүлдү тез жардам кызматына бөлгүбүз келет. Бул унаалардын техникалык абалы биздин шаардын бардык талаптарына жооп берет деген үмүттөмүн. Анткени, сиздердин ишиӊиздерден шаар тургундарынын саламаттыгы жана өмүрү көз каранды. Ошондой эле, көрсөткөн жардамы үчүн КР Япония элчиси Такаюки Коикэ мырзага тереӊ ыраазычылык билдирем»,-деди мэр.


2014-жылдын 22-июлунда өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэри жана Кыргыз Республикасындагы Япония элчисинин жолугушуусунда мэрия шаарга медициналык тез жардам унаалары керек экендигин билдирген.


Тез жардамдын ишинин сапатын жана медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында Япония элчилиги медициналык тез жардам унаасын жеткирүүнү карап чыккан.


Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аткаруучу орган болуп Шаарды өнүктүрүү агенттиги бекитилген жана ал «Crown Agents» компаниясы менен биргеликте керектүү техникалык жол-жоболорду жана тендерди өткөрүүнү иштеп чыкты. Иштин жыйынтыгынада 9 тез жардам унаасын алып келинди.


Өткөн жылдын аягында Кыргыз Республикасында Япония элчилигинин техникаларды жеткирүү маселелери менен иш алып барган «Crown Agents» компаниясы тарабынан жабдуулары менен тез жардам унааларын алып келүүгө жана Бишкек шаарынын медициналык тез жардам станциясынын кызматкерлерин окутуу үчүн тендер жарыяланды.

Заманбап тез жардам унаалары 2016-жылдын 12-январында алынып келинди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2015-жылдын 17-ноябрында Турция өкмөтү менен кызматташуунун алкагында 1 унаа Тез жардам станциясына берилген.

Азыркы учурда Саламаттыкты сактоо департаментинин автобазасында 62 тез жардам унаасы бар. 2016-жылдын аягына чейин Немец өнүктүрүү банкы (KFW) дагы 5 тез жардам унаасын жеткирип берүүнү пландоодо.

Маалымат: 2010-жылы КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан медициналык тез жардам тутумун бекемдөө программасын ишке ашыруунун алкагында тез жардам станциясына Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү 6 унаа тапшырылган.

2015-жылдын октябрь айында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан шаардык бюджеттен 15,2 млн. сомго Голден Драгон (Тойота-Хайс) үлгүсүндөгү 12 тез жардам унаасы алынды.