ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май акимиаты массалык медициналык текшерүү өткөрдү

Калктын саламаттыгын коргоону жакшыртуу максатында 2015-жылы Биринчи май районунда профилактикалык медициналык текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Бардыгы 21 миӊ 945 адам текшерүүдөн өттү. Алардын ичинен 11 миӊ 762 аял жана 10 миӊ 147 эркек. 1 миӊ 998 оору аныкталып, дарылануу үчүн каттоого алында.

Ошондой эле 1 жаштан 7 жашка чейинки балдар текшерилди. Бардыгы 5 миӊ 589 бала, анын ичинен 2 миӊ 794 уул жана 2 миӊ 794 кыз. 1 миӊ 376 оору  аныкталып, «Д» каттоого 402 бала алынып, 840 бала айыктырылды.

1 миӊ 734 окуучуга медициналык текшерүү жүргүзүлүп, 836 бала жана 898  кыз текшерилди. 715 оору аныкталып,  «Д» каттоого 86 бала алынды жана 81 бала айытырылды. Ошондой эле 137 студент, анын ичинде 59 эркек жана 78 кыз медициналык текшерүүдөн өттү. Анда 54 оору аныкталды.

Мындан тышкары, аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн 2  жашка чейинки 42 баласы  Шаардык сүт ашканасынан азыктар менен камсыздалды.