ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын медициналык тез жардам станциясы дагы 9 унаа менен толукталат

Калаанын медициналык тез жардам станциясы Япониядан өндүргөн,  адистештирилген  9 унаа менен толукталат.

2014-жылдын 22-июлунда өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэри жана Кыргыз Республикасындагы Япония элчисинин жолугушуусунда мэрия шаарга медициналык тез жардам унаалары керек экендигин билдирген.

Тез жардамдын ишинин сапатын жана медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында Япония элчилиги медициналык тез жардам унаасын жеткирүүнү карап чыккан.

Өткөн жылдын аягында Кыргыз Республикасында Япония элчилигинин техникаларды жеткирүү маселелери менен иш алып барган «Crown Agents» компаниясы тарабынан жабдуулары менен тез жардам унааларын алып келүүгө жана Бишкек шаарынын медициналык тез жардам станциясынын кызматкерлерин оуктуу үчүн тендер жарыяланды. Заманбап медициналык тез жардам унаалары 2016-жылдын январь айынын аягына чейин алынып  келинет.