ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май райондук администрациясы үч эмди жарыкка алып келген үйбүлөгө материалдык жардам көрсөттү

Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиевдин атынан  жакында төрөлгөн үч эмдин үйбүлөсүнө  81 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү.

Ошондой эле балдарга жаӊы жылдык белек тапшырылды.


Эскерте кетсек, 2015-жылдын 21-декабрында Бишкек шаардык перинаталдык борборунда үч эм, эки кыз жана бир уул төрөлгөн.


Гатыжская Татьяна Илларионовна (30 жашта) үч эмди жарыкка алып келди. Үйбүлө  кыздарын Полина, Арина жана уулуна Максим ысымын ыйгарышты. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардан тышкары 2005-жылы туулган Виктория жана 2008-жылы туулган Кириллди тарбиялап келишет.


2015-жылы Биринчи май району боюнча 22 эгиз жана бир үч эм балдар төрөлгөн.