ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы вандализм тууралуу билдирет

Жакында Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын маңдайына орнотулган жарыктандыруулар беш жеринен сигналдуу кабелдер атайын бирөөлөр тарабынан кыркылган.

“Бишкексвет”муниципалдык ишканасынын билидүүрсү боюнча, учурда япониялык чеберлердин күчү менен мекемени жарыктандыруу калыбына келтирилүүдө.

Бишкек шаардык мэриясы жарандарды муниципалдык мүлккө аяр мамиле кылууга жана вандализм же уурдоо фактылары тууралуу токтоосуздан укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырат.

Эскерте кетсек, Филармониянын маңдайындагы жана Манас эстелигиндеги жарыктандыруулардын бет ачары 2015-жылы 22-декабрда болгон.

Жарыктандыруулар чебер Томонори Обучинин тарабынан орнотулган. Японияда ал соода-кызыктыруучу мекемелерди жана тарыхый музейлерди жарыктандыруу менен алектенет.

Филармониянын маңдайына негизги 4 түс менен 100 гө жакын светодиоддук жарыкты күчөтүүчү аспаптар орнотулган, алар 256 түрдүү кошумча түс берет. Жарыктандыруу 4 музыканын коштоосунда синхрондоштурулган.