ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев жана Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жаӊы жылды Ала-Тоо аянтында шаар тургундары менен бирге тосушту

Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов жана премьер-министр Темир Сариев Жаӊы 2016-жылды Ала-Тоо аянтында шаар тургундары менен бирге тосушту.

31-декабрда шаардык муниципалитет шаар тургундары үчүн эртеӊ мененки жана кечки  блокторн турган кызыктуу жаӊы жылдык программа уюштурду.


Эртен мененки блок Ала-Тоо аянтында саат 10:00до башталат. Анда  жомок каармандары, куурчактар менен авточиркешке старт берилет. Алар шаардын борбордук көчөлөрү менен жүрүп, тургундарды куттуктап, элди оюн-тамашаларга кошулууга чакырышат. Кербен төмөнкү багыт менен жүрөт: "Ала-Тоо" аянты-Чүй проспектиси, Манас проспектиси-Ахунбаев-Байтик баатыр-Чүй проспектиси -"Ала-Тоо" аянты.


Ошондой эле көрүүчүлөр №4-балдар музыкалык искусство мектебинин, «Адис» вокал ансамблинин, «Улыбка» бий ансамблинин, «Кыргыз-руху» жана «Доор»фольклордук ансамблинин, «Сувенир» орус ырлар ансамблисинин, «Семетей» ыр, бий ансамблисинин жана башка  чыгармачыл топтордун концерттик номерлерине күбө болушту.


Жаӊы жыл күнү шаар тургундарына КР эмгек сиӊирген артисттери Гульназ Бекбосун кызы, Алтынай Нарбаева, Динара Акулова, Мунарбек Чообиев, Умут Тилегенова, Жазгуль Жумаканова, Нурлан Алакунов, Фарида, заслуженный артист КР Султан Каримов, Елена Райская, Нуржигит Асанов, Тилек Найманбаев, Баатыр Омурзаков, Каныкей жана  Гульнара Раймалиевы, Жылдыз Тутуева ырдап беришти.


Кечки блок Ала-Тоо аянтында саат 21:00до чыгармачыл жамааттардын жана кыргыз эстрада жылдыздары- Бегимай Бекбоева, Дастан Осмонов, Айгуль Чалова, Кайрата Примбердиев, Айым Айылчиева, Замир Арыкбаев, Динара Акулова, Курал Чокоев, Арсен, Омар, Гулжигит Калыков, Нурлан Насип жана  Султан Садыралиев коштоосунда башталды.


Саат 22:00до эстафета «Кыргызстан обондору» радиостанциясына өткөрүлүп берилди.

 

Жаӊы жылдык иш-чара саат 00:00до майрамдык солюттун коштоосунда жыйынтыкталды.