ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин районунун тургундары «Жаӊы жыл сенин корооӊдо» акциясын улантууда

«Жаӊы жыл сенин корооӊдо» акциясынын алкагында Ленин районунун Жал кичи районунун,  Л.Толстой  көчөсү №148 үйүнүн жана Жаш Гвардия бульварынын тургундары тарабынан балдар үчүн жаӊы жылдык иш-чара уюштурулду.

Жал кичи районунун балдары үчүн 82, 84, 86 үйлөрүнүн короосунда кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда жаӊы жылдык көрсөтүү өткөрүлдү.


Лев Толстой көчөсүнүн тургундары балдар үчүн жомоктогу каармандардын катышуусунда концерттик программа уюштурду. Ал эми Жаш Гвардия бульварынын жашоочулары уюштурган иш-чара №2 үйүнүн балдар аянтчасында өттү.


Бардык балдар катышкан иш-чарага Аяз ата жана Аяз кыз конокко келип, ыр ырдап, бий бийлеп берген балдарга жана катышуучуларга белектерди тапшырды.

 

Жаш Гвардия бульвары:

Жал кичи району:

 

Л.Толстой к: