Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жаӊы жылды бирге тосууга чакырат
- Подробности
- Опубликовано 28.12.2015 15:25
31-декабрда Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундары жана шаар коноктору үчүн эртеӊ мененки жана кечки блоктон турган жаӊы жылдык иш-чараларды уюштурду.
Эртен мененки блок Ала-Тоо аянтында саат 10:00до башталат. Анда жомок каармандары, куурчактар менен авточиркешке старт берилет. Алар шаардын борбордук көчөлөрү менен жүрүп, тургундарды куттуктап, элди оюн-тамашаларга кошулууга чакырышат. Кербен төмөнкү багыт менен жүрөт: "Ала-Тоо" аянты-Чүй проспектиси, Манас проспектиси-Ахунбаев-Байтик баатыр-Чүй проспектиси -"Ала-Тоо" аянты.
Авточиркеш шаардын көчөлөрү менен жүргөндө, "Ала-Тоо" аянтында Аяз ата жана Аяз кыздан шаардыктар үчүн интерактивдүү оюндар, байге жана белектер коюлган оюндар өткөрүлөт. Ошондой эле көрүүчүлөр №4-балдар музыкалык искусство мектебинин, "Улыбка" бий ансамблинин жана башка чыгармачыл топтордун концерттик номерлерине күбө болушат.
Белгиленген маршруттун аягында жүрүштүн катышуучуларын аянттын чыгыш жагынан, "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдында мэриянын үйлөмө аспаптардан түзүлгөн оркестри тосуп алат.
Эртеӊ мененки блок майрамдык концерттик программа менен жыйынтыктылат.
Кечки блок "Ала-Тоо" аянтында 21:00дө чыгармачыл топтордун концерттик программасы менен башталат.
22:00дө эстафета "Кыргызстан обондору" радиостанциясына берилип, концерт менен коштолот.
Жаңы жылдык иш-чара 00:00дө майрамдык салют менен аяктайт.
Мындан тышкары райондордун аймагында элдик жүрүштөр уюштурулат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
04.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |