ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунун балдары үчүн жаӊы жылдык балаты өткөрүлдү

Биринчи май райондук администрациясы Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драм театрында райондун аз камсыздалган жана  райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган үйбүлөлөрдүн балдары үчүн жаӊы жылдык балаты өткөрдү.

Жаӊы жылдык иш-чара жомоктогу каармандардын, Аяз ата, Аяз кыздын коштоосунда өттү.

Чакырылган балдар үчүн «Кар киши» театрлаштырылган көрсөтүүсү көрсөтүлүп, райондун башчысынын атынан белектер тапшырылды.

Аталган иш-чарага жалпысынан 1130 бала чакырылды, анын ичинен «Оберег» балдарды калыбына келтирүү борборунун балдары да бар.

Жаӊы жылдык иш-чараны уюштурууга райондук бюджеттен 439,4 миӊ сом каражат бөлүндү.