ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Жумабек-Осмонкул көчөлөрүндө жайгашкан «Нуристи» ЖЧКсы курулуш фирмасынын  кызматкерлери тиешелүү уруксат документтерисиз жер иштерин жүргүзүп, ошондой эле Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин сактабай жаткандыгы аныкталды.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан юристтин катышуусунда аталган компанияга алдыдагы териштирүүлөр үчүн акт түзүлдү.

Ошондой эле «Бишкеккурулуш» ЖЧКсынын кызматкерлери (Уметалиев к. Киев көчөсүнөн Сыдыков көчөсүнө чейин) «Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин» бузуп, бүгүнкү күндө алардын да жер иштери үчүн ордерлери жок.

Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан «Бишкеккурулуш» ЖЧКсынын прорабы Саадабаев Ж.Б.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.