ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан өткөрүлгөн TENGRI music фестивалы 2015-жылдын Мыкты социалдык иш-чарасы аталды

Бишкек шаарынын мэриясы жана Prima коомдук фонду тарабынан өткөрүлгөн TENGRImusic фестивалы Kazakhstan event awards сыйлыгында «2015-жылдын Мыкты социалдык иш-чарасы» аталды. Бул туурасында 24-декабрда фестивалдын уюштуруучулары – Бишкек шаарынын мэриясынын Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Гуля Алмамбетова жана Prima коомдук фондунун өкүлдөрү Виктория Юртаева жана  Сергей Долженков айтып берди.

TENGRI music музыка фестивалы 2015-жылдын сентябрь айында Д.Асанов атындагы сейил багында өткөрүлгөн.

Ошондой эле 2-декабрда фестивал Global  Event Awards эл аралык сыйлыгында «Мыкты социалдык иш-чарасы» номинациясында 3-орунду ээлеген.

Иш-чаранын ийгилиги өлкөнүн маданиятын өнүктүрүү үчүн жетишкендик болуп саналат.