«Тазалык» МИ түнү бою жолдорду кардан жана муздан арылтышты
- Подробности
- Опубликовано 21.12.2015 12:14
Бишкекте 20-декабрдан 21-декабрга караган түнү «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жолдорду кардан жана муздан арылтуу иштерин жүргүзүштү.
Тазалоо иштери үчүн 16 кар тазалоочу унаа (МАЗ КО-806), 2 кум чачуучу (ЗИЛ КДМ), 4 трактор (Беларусь) жана 4 грейфердик жүктөгүч иштөөдө.
Тротуарларды жана жолдорду кардан тазалоо иштерине жол -эксплуатация башкармалыгынын 20 жумушчусу жана 507 короо шыпыргыч (Ленин району – 136, Октябрь району – 83, Биринчи май району – 152, Свердлов району – 116, Чоӊ-Арык - 20) тартылды.
Азыркы учурда тазалоо иштери улантылууда.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
29.03.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |