ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май райондук администрациясынын башчысы райондун медресе жана мечиттеринин имамдары менен жолукту

Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев райондун медресе жана мечиттеринин имамдары менен жолукту.

Жолугушууда тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте диний экстремизмди  алдын алуу, диний-экстремисттик мүнөздөгү идеялардын жайылышына каршы аракет көрсөтүү талкууланды.

Жолугуушунун жүрүшүндө район башчысы «Ассаида Марьям» мечитине барып, мамлекеттик органдардын макулдугу, мыйзамдын алкагында иштөө керектигин, бардык диний объектилердин архитектуралык-курулушун, санитардык-гигиеналык жана башка каттоолорун көзөмөлдөө керектигин белгиледи.


Жыйын «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын» жана «2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын» алкагында өткөрүлдү.