ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунун башчысы район тургундары, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары менен жолукту

Биринчи май районунун №18 орто мектебинде райондук администрациянын башчысы Асккербек Алиевдин жашоочулар, №13 МАБдын кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү.

Жолугушууда калктын жашоо тиричилиги, санитардык тазалык, көрктөндүрүү, кыш мезгилине карата жылытуу жана жаӊы жылга даярдык тууралуу талкууланды.

№13 кварталдык, үй комитеттеринин төрагалары, жашоочулары талкууга жигердүү катышып, шаардык жана райондук кызматтардын иштерин жакшыруу боюнча конкреттүү сунуштар менен кайрылышты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча райондук администрациянын башчысы тиешелүү шаардык жана райондук кызматтарга тапшырмаларды берди.

Ошондой район башчысы мэрия мыкты жаӊы жылдык жасагалоо боюнча сынак жарыялагандыгын белгилеп өттү.

Мындан тышкары, укук коргоо органдары менен биргеликте диний экстремизмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү дагы тапшырылды.