ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада мэриянын колдоосунда «Тилек багы – балдардын кыялын орундат» кайрымдуулук акциясы өткөрүлүүдө

14-декабрдан 31-декабрга чейин «Бишкек Парк» соода борборунда мэриянын колдоосунда «Тилек багы – балдардын кыялын орундат» кайрымдуулук акциясы өткөрүлүүдө.
Акцияны «Бишкек мен сени сүйөм» кыймылы, «Jetigen» балдар лагери жана Бишкек шаарынын мэриясы уюштурууда.

Жаӊы жылдын алдында ар бирибиз №71 орто мектеп-гимназиясынын 160 тарбиялануучусун кубандырып, куттуктай алат. Соода борборунда балаты орнотулуп, жаӊы жылдык тилектер менен балдардын сүрөтү чагылдыган оюнчуктар илинет.


Аталган акциянын соӊунда «Бишкек мен сени сүйөм» кыймылы 2016-жылдын 13-январында мектеп-интернатында таттуу жана даректүү белектерди таратуу менен майрамдык концерт уюштурат.


Долбоор жетим балдарга жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүү максатында өткөрүлүп, 17 күнгө созулат.


Урматтуу Бишкектиктер! Ар бирибиз Аяз ата болуп, балдардын кыялын орундата алабыз.


Суроолор боюнча «Бишкек мен сени сүйөм» жаштар кыймылынын Координациялык кеӊешине төмөнкү номерлер аркылуу кайрылсаӊыздар болот: 0 312 90-88-04 и 0700 96-73-29 (Гульзада), же болбосо электрондук дарек аркылуу: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. жана  Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.