ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар тургундары калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузууну улантууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору күн сайын калаанын санитардык тазалыгын, калаанын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандырууну жакшыртуу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзөт.

Кезектеги текшерүүнүн жүрүшүндө 6 кичи районунун №30 үйүнүн жашоочулары курулуш таштандыларын белгиленбеген жерге чогулткандыгы аныкталды.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан кичи райондун жашоочуларына КР «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.