ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте спорт чебери Данил Бабаевдин жаркын элесине арналган дзюдо боюнча IV Эл аралык мелдеш жыйынтыкталды

Октябрь районунда спорт чебери, эркектер арасында Азия Чемпионатында коло байгесинин ээси Данил Бабаевдин жаркын элесине арналган дзюдо боюнча IV Эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.

Эл аралык мелдешти Октябрь администрациясынын финансылык колдоосунда КР Улуттук дзюдо федерациясы уюштурду.

Аталга мелдешке Кыргызстандын жана жакынкы өлкөлөрдүн 250 спортчусу катышты.

Расмий салтанаттын ачылышына Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов катышып, спортчуларга ийгиликтерди, жеӊиштерди каалады.

Мелдеш эки күн бою өтүп, 42 кг салмактык категориясында жогорку тепкичти Азамат Керимбаев, 46 кг – Айбек уулу Кубанычбек, 66 кг – Адиль Мырзаев багындырды.

73 кг салмак боюнча Богдан Филипов, 81 кг – Нурланбек уулу Мухаммед, 81 кгдан жогорку – Дастан Сарбатов жеӊишке ээ болду. Бардык спортчулар Кыргызстандан.

50 кг категорияда Казакстандан келген спортчулар – Султан Жапеков, 55 кг - Ануарбек Архат, 60 кг – Нурболат Мырзанов жеӊишке ээ болушту.