ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жеке турак-жай курулуш департаменти эки мыйзамсыз курулушту түрттүрүүнү милдеттендирди

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаменти муниципалдык жердин эсебинен жер тилкесин кеӊейтип алгандарды аныктады.

Щорса көчөсү №26 үйү 17х4м жана Баррикадный көчөсү №40үйү  (Жумушчулар шаарчасы) 3,5х20 м өлчөмүндөгү капиталдык дубал тургузган.

Аталган бузууларды чететтүү үчүн Департамент тарабынан Щорса көчөсү №26 үйүнүн ээси Стамкулова А.У.га жана Баррикадный көчөсү №40үйүнүн жашоочусу Нуркулова  А.А.га «Аныкталган бузууларды чететтүү» эскертүүсү берилген. Эскертүүлөрдү аткарбагандыгына байланыштуу материалдар Ленин райондук сотуна жиберилген. Соттун чечими менен Стамкулова А.У. жана Нуркулова А.А.га жер тилкесин баштапкы абалга келтирүү менен 10 миӊ сом өлчөмүндөгү айып салынды.

Ленин райондук сотунун токтомуна ылайык капиталдык дубалдар түрттүрүлүп, жер тилкелери баштапкы абалга келтирилди.

Жер тилкелерин баштапкы абалга келтирүү иштери улантылууда.