Бишкек шаарынын мэриясында пландык жыйын өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 15.12.2015 18:35
Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында 15-декабрда калаа башчысы Кубанычбек Кулматовдун жетекчилиги астында вице-мэрлер, райондук администрациялардын башчыларынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларынын катышуусунда пландык жыйын өткөрүлдү.
Жыйындын башында өткөн жыйында берилген протоколдук тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчеттор угузулду.
Жыйында учурда коммуналдык кызматтардын иш алып баруулары, кыш мезгилинде «Ала-Арча» жана «Аламедин» дарыялары аркылуу өтүүчү сууну өткөрүүнү уюштуруу, ошондой эле калааны 2016- жаӊы жылга даярдоо талкууланды.
Аталган пландык жыйындын жыйынтыгында тротуарларды кардан жана муздан тазалоону тездетүү тапшырмасы берилди. Акимиаттардын жетекчилерине райондогу имараттарды жасалгалоо тапшырылды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |