ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада спорт чебери Митал Шариповдун жаркын элесине арналган балдар арасында оор атлетика боюнча Эл аралык мелдеш өткөрүлөт.

1-декабрдын 20-декабрга чейин Кожомкул атындагы спорт сарайында спорт чебери Митал Шариповдун жаркын элесине арналган балдар арасында оор атлетика боюнча экинчи Эл аралык мелдеш өткөрүлөт.

Жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин директору Улан Молдодосовдун билдирүүсү боюнча, эмгек сиӊирген спорт чебери, Азия 200 чемпиону жана Азиялык оюндар -1994 Хиросим (Япония) коло байгесинин ээси Митал Шариповдун жаркын элесине арналган мелдеш бул жылы экинчи ирет өтүп жатат. Биринчи республикалык мелдеш Талас облусунун Көк-Сай айылында өткөн.


Эл аралык мелдешке 100 дөн ашык спортчу, Казакстандан 2 команда жана Кыргызстандын бардык райондорунан оор атлетчилер катышат.


Мелдеш оор атлетиканы жайылтуу, атлетчилердин чеберчилигин жогорулатуу максатында уюштурулат.


Аталган мелдеш Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан өткөрүлөт.