ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Ала-Тоо» аянтында өлкөнүн башкы балатысы орнотула баштады

2015-жылдын 12-декабрынан тарта «Ала-Тоо» аянтында өлкөнүн башкы балатысы орнотула баштады.

25 метрлик жасалма  балатыны орнотуу жана кооздоо иштери «Бишкексвет» жана «Тазалык» ишканалары тарабынан жүргүзүлүүдө.

Жаӊы жылдын башкы балаты  Кытай Эл Республикасынан алынып келинди.

«Технология»  ЖЧКсы балатыга 64 миӊ светодиоддук чырак орнотот. Балатынын каркасына 1 530 ийне жалбырактуу бутактар бекитилет,  алдынкы диаметри 12 метрди түзөт.

Башкы балаты  салтанаттуу түрдө  19-декабрда жандырылат.

Ошондой эле калаанын аймагында балатылар орнотулат. Т.Сатылганов атындагы Филармониянын имаратынын алдына 10 метрлик балаты орнотулду. А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдына орнотулган балатынын бийиктиги  15 метрди түзөт. Чүй проспектисинин жана Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишине  бийиктиги 10 метрлик балаты орнотулду.

Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборундагы балатынын бийиктиги 3 метр, Республикалык балдар чыгармачылык борборуна 6 метрлик балаты жана Жал кичи районундагы балдарды үйбүлөгө адапташтыруу борборуна 2,5 метр балаты орнотулат.

Мыкты жаӊы жылдык жасалга конкурсунун алкагында райондук администрациялардын имараттарынын, маданий –коомдук жерлерди, ЖОЖдордо жана МАБдарын имараттарынын алдында балатылар орнотулат.