ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте биринчи жолу дельфинарий ачылат

Бишкек шаарында Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда 2015-жылдын декабрь айынын аягында Байтик Баатыр жана Түштүк магистралдын кесилишинде биринчи жолу дельфинарий ачылат.

4 дельфин жана 1 киттин  катышуусунда цирктик көрсөтүүлөр 2016-жылдын май айына чейин улантылат. Көрүүчүлөргө жөн гана көрбөстөн суу дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен сууда сүзүүгө да мүмкүнчүлүк берилет.

Билеттин баасы 300 сомдон 1000 сомго чейин. 3 жашка чейинки балдарга кирүү акысыз.

Билеттерди сатуу болжол менен 25-декабрда башталат.