ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май акимиаты райондун аймагында коррупцияга каршы аракет көрсөтүү боюнча чараларды талкуулады

Биринчи май райондук администрациясы акимдин жетекчилиги алдында райондун аймагында коррупцияга каршы аракет көрсөтүү боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө» президенттин жарлыгын ишке ашыруудагы маселелер каралды.


Жыйында Биринчи май районунун аймагында КР Президентиин жарлыгын ишке ашырууда аткарылган иштер тууралуу райондук прокурор Акимбаева Г.О. жана райондун УКМКнын башчысынын орун басары Канаев С.Б.нын маалыматтары угузулду.


Аталган жыйындын жыйынтыгы боюнча райондук прокуратурага жана УКМКнын бөлүмүнө мамлекеттик органдарды, райондун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракет көрсөтүү» мыйзамын ишке ашыруучу кызмат адамдарын көзөмөлдөө тапшырылды.


Түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөргө, МАБдардын башчыларына, жалпы жана мектепке чейинки  билим берүү мекемелеринин директорлоруна «Коррупцияга каршы аракет көрсөтүү» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө» жана "Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" указдарынын жана башка нормативдик-укуктук актылардын алкагында иштерди жүргүзүү тапшырылды.


 Жыйын райондун прокурору Акимбаева Г.О., башчылардын орун басарларынын, МАБдардын башчыларынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн, жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлдү.