ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын мектептеринде кыргыз жазуучусу Чыӊгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган иш-чаралар өткөрүлдү

2015-жылдын 12-ноябрынан 12-декабрына чейин Билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыӊгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган иш-чаралар уюштурулду.

Катышуучуларга дубал гезиттеринин конкурсун өткөрүү, жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү айтып берүү, мектептин китепканаларында китеп көргөзмөлөрүн өткөрүү, ошондой эле Айтматовдун чыгармачылыгына, жашоосуна арналган класстык сааттарды өткөрүү сунушталды.

Окуучулар үчүн Ч.Айтматовдун үй музейине экскурсия уюштурулуп, жазуучунун жубайы Мария Айтматова улуу жазуучунун чыгармачылыгы, Кыргызстандын маданиятын өнүктүрүүдө кошкон салымы тууралуу айтып берди.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында калаанын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары  «Ата-Бейит» Мемориалдык комплексине барып, улуу жазуучуну эскеришти.

Мындан тышкары, 16-18-ноябрда Гиресун шаарында (Туркия) «Ысык-Көлдөн Кара деӊизге чейин Ак кеме» аталышта эл аралык илимий конференция өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Ч.Айтматов атындагы №63  мектеп-гимназиясынын директору А.Давлетова катышты.

2015-жылдын 12-декабрында Свердлов районунун №21 жалпы билим берүү мекемесинде КР Билим жана илим министрлигинин жетекчилеринин катышуусунда улуу жазуучунун туулган күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Калаанын Билим берүү башкармалыгы Айтматовдун чыгармаларын үзүндү окутууну салтка айландырган. 10-декабрда №67 мектеп-гимназиясында көркөм окуу конкурсу боюнча тандоо турун өткөрдү. Ага төрт райондон жүз элүүдөн ашык окуучу катышты.

16 жеӊүүчү 17-декабрда Айтматовдун китептери китепканасында ЖК депутаттарынын, Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринин, «Роза Отунбаева демилгеси» фондунун, мектеп мугалимдеринин жана ата-энелердин катышуусунда өтө турган конкурстун финалына катыша алышат.